Түркиянын жаш калкы
Калктын 16, 5 пайызы жаштар
274798
Түркия статистикалык мекемеси ТҮИК 2014 - жылга байланыштуу жаштык статистикаларын билдирди. Ушуга караганда 2014 - жылы 77 миллион 695 миң 904 киши деп белгиленген калктын 12 миллион 782 миң 381 кишиси 15 - 24 жаш тобунан турат. Жаштардын жалпы калктын ичиндеги катнашы 16, 5 пайыз болду. ТҮИК тарабынан жасалган анализдерге караганда калкынын санынын 2023 - жылы 84 миллион 247 миң 88 киши болору болжолдолууда. 2023 - жылы жаш калктын жалпы санынын ичиндеги катнашы 15, 1 пайызга, 2050 - жылы 11, 7 пайызга, 2075 - жылы болсо 10, 1 пайызга түшөрү болжолдолду.