НАТО тышкы иштер министрлеринин жыйыны Антальяда

Түркия НАТО тышкы иштер министрлери жыйынын өткөрүүдө

272653
НАТО тышкы иштер министрлеринин жыйыны Антальяда

Эки күнгө созула турган жыйын Афганстанда жайгаштырылган НАТО чечкиндүү колдоо миссиясы отуруму менен башталат. Отурум чечкиндүү колдоо миссиянын составында тышкы иштер министрлери деңгээлинде ишке ашырылган биринчи жыйын.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тема тууралуу өткөргөн пресс жыйында эл аралык мекемелердин жана өлкөлөрдүн террор менен күрөшүүдө жетерсиз болуп жатканын айтты. Өзгөчө ДАИШ менен күрөшүүдө абадан кол салуулардын жетерсиз экенин белгилеген Чавушоглу Түркиянын буфер аймак тууралуу сунуштарын жетекчилер менен бөлүшкөндөрүн белгиледи. Жыйындын негизги темаларынын бирөөсүнүн Афганстан экенин айткан Чавушоглу Түркиянын бул өлкөгө керектүү эки тараптуу, керек болсо аймактык, керек болсо НАТОнун алкагында жардамдарын улантууда чечкиндүү экенин баса белгиледи.
Мевлүт Чавушоглу Украина кризиси тууралуу Түркиянын бул темада мамилесинин так экенин белгилеп, Орусия – Украина кризисинин чечилүүсүнүн кенен машстабдуу диалог менен мүмкүн болорун айтты. Чавушоглу Крым татарларынын коопсуздугу тууралуу да Крымга жиберилген делегациянын кайтканын жана жакында бир отчет даярдай турганын белгиледи. Тышкы иштер министри пресс – жыйындан кийин канадалык жана афганстандык кесиптештери менен жолугушту.
НАТОнун генералдык секретары Йенс Столтенберг менен да эки тараптуу жолугуу өткөргөн Чавушоглу кечки тамакта Вишеград төрттүгүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар