Жон Керри НАТОнун жыйыны үчүн Түркияга келет

Керри Антальяда өтө турган НАТОнун жыйынына катышат.

270707
Жон Керри НАТОнун жыйыны үчүн Түркияга келет

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 13-майда Антальяда өткөрүлө турган НАТОнун жыйыны үчүн Түркияга келет.
Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мари Харф Керринин НАТОнун жыйынынан мурда Орусияга бараарын билдирди.
Мари Харф жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Керринин Карадеңиз жээгиндеги Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана башка орус жооптуулары менен жолугуша турганын белгиледи.
Жолугушууларда Иран, Сирия жана Украина менен катар эки тараптуу жана аймактык маселелердин каралуусу күтүлүүдө.
Керри Орусиядагы жолугушууларынан кийин Түркияга келип, Антальяда өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.
Керри ушул эле күнү, Булуң өлкөлөрүнүн лидерлерине Ак үйдө бериле турган кечки сый тамакка катышуу үчүн Вашингтонго жөнөп кетет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар