Лиссабондо Түрк шейиттерин эскерүү эстелиги тургузулду

Жемил Чичек борбор калаа Лиссабондо, армян террористтер тарабынан шейит кылынган түрк дипломаттардын эскерилиши үчүн тургузулган эстеликти зыярат кылды.

271457
Лиссабондо Түрк шейиттерин эскерүү эстелиги тургузулду

Расмий сапар менен Португалияга барган Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек борбор калаа Лиссабондо, армян террористтер тарабынан шейит кылынган түрк дипломаттардын эскерилиши үчүн тургузулган эстеликти зыярат кылды.
Түркянын Лиссабондогу элчиси Эбру Барутчу Гөкденизлердин коштоосунда эстеликке зыярат кылынды.

Эстеликке гүлчамбар койгон жана делегация менен бирге дуа кылган Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек, 1982-жылы армян террористтери тарабынан Лиссабондо эстелик тургузулган жерде шейит кылынган Надиде Акбайдын эжесинин кызы экендигин айтты.
Эстеликтин тургузулушуна салымын кошкон Оейраш аймагынын шаар башчысы Пауло Вистас жана эстеликти жасаган португаль айкелчи Франциско Симоеске ыраазычылыгын биллдирип, бирден белек берди.
Чичек: «Абдан маанилүү эстелик. Ыраазыбыз»-деди. Шаардын мэри Вистас да: «Бул эстеликтин түшүнүгү жана мааниси биз үчүн да абдан чоң. Бул эстеликтин учурубузда тынчтыкта жанаша жашоону символдоп турганын ойлоодомун»-деп айтты.
«Эркиндик», «Тынчтык» жана «Адилеттик» жазуусу менен 3 бөлүктөн турган эстелик, 1982-жылы армян террор уюмдары тарабынан шейит кылынган Түркиянын Лиссабондодогу элчилигинин администрациялык аташеси Эркут Акбай жана жубайы Надиде Акбай менен чет өлкөдөгү кызматтары убагында кол салууга дуушар болгон бардык шейиттердин эскерилиши үчүн тургузулган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар