Ички иштер министри Өзтүрк Румынияда

Сабахаттин Өзтүрк румын кесиптеши Опряны Түркияга чакырды

268273
Ички иштер министри Өзтүрк Румынияда

Ички иштер министри Себахаттин Өзтүрк Румыниянын борбор шаары Бухаресттеги сапарында ички иштер министрлигинин алдындагы расмий салтанат менен тосулуп алынды. Румыниянын ички иштер министри Габриэль Опря менен жекеме – жеке жолугушкан Өзтүрк андан кийин өткөрүлгөн биргелешкен персс – жыйында сөз сүйлөдү. Өзтүрк иретсиз көч, уюмдашкан кылмыштар жана банги заттар менен күрөшүүдө кызматташтыкты сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрүн табышкандарын, эл аралык көптөгөн тармакта Румыния менен бирге платформаларда көптөгөн темада бирдей көз карашты бөлүшкөндөрүн айтты. Сабахаттин Өзтүрк румын кесиптеши Опряны да Түркияга чакырганын белгиледи.
«Коопсуздук жактан Түркия жана Румыния НАТОнун эки жакшы стратегиялык устуну»,- деген Опря да Румыниянын Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине да колдоо бергенин айтты.
Ички иштер министри Себахаттин Өзтүрк Опря менен жолугушуунун тышында Бухарестте 2012 - жылы курулган Юнус Эмре түрк маданий борборун жана Түштүк - Чыгыш Европа күчтөрү кызматташтыгы борбору менен түрк шейиттигин зыярат кылды. Бүгүн Синая аймагы Пелештеги улуттук музейи жана Бухаресттеги айыл музейин зыярат кыла турган министр Өзтүрк кечинде Түркияга кайтып келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар