Мехмет Мүеззиноглу Германияда кесиптеши менен жолугушту
Немис министр : «Түркияда саламаттык тармагында салынган инвестицияларды абдан чоң ыразычылык менен көрүүдөбүз»,- деди
Саламаттык сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу Германиядагы жолугушууларынын алкагында борбор шаар Берлинде немис кесиптеши Германн Грохе менен жолугушту. Эки министр саламаттык сактоо тармагында кызматташтыктын түзүлүшүн күткөн Биргелешкен Ниет билдирүүсүнө кол койду. Министр Мүеззиноглу билдирүүгө кол коюлгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө Германия менен саламаттыкты сактоо боюнча билим берүү тууралуу биргелешкен проекти түзүүнү каалашкандарын айтты. Мүеззиноглу Саламаттыкты сактоо билимдери менен бирге саламаттыкты сактоо боюнча билим берүү тармагында жана саламаттыкты сактоо кызматы туралуу докладында түрк жана немис жарандарына да динамизм алып келерин белгиледи. Немис министр Германн Грохе да Түркияда саламаттык сактоо тармагында салынган инвестицияларды абдан чоң ыраазычылык менен көрүшнкөндөрүн белгилеп өзгөчө сириялык качкындарга берилген кызматтардан да ыраары экендерин айтты.