Түркиянын турист картасы

Стамбул тарыхый, маданий байлыгы менен босфору менен Түркиянын туризм борборлорунун башында турат

262381
Түркиянын турист картасы

Тарыхында бир топ цивилизацияны камтыган Анадолу бай тарыхый мурасы, түрдүү түстүү маданий түзүлүшү жана табигый кооздугу менен дүйнөнүн бардык жеринен туристтерди тартууда. Үч чоң империяга борбор шаар болгон дүйнөнүн эң эски шаарларынан Стамбул тарыхый, маданий байлыгы менен босфору менен Түркиянын туризм борборлорунун башында турат. «Осмондуктун борбор шаары» Бурса жана «Кураан Керимдеги бейиш сүрөттөөсүнө шайкеш келген бир жер» катары көрүлгөн Кожаелинин Картепе району болсо араб туристтердин кызыгуусун тартууда.
Түштүк Чыгыш Анадолу аймагы болсо аймакка коңшу өлкөлөрдөн тарткан туристтер менен «маданият жана туризмдин борбору болуу» максатында алдыга жылууда.
Тарыхы жана маданий байлыктарын теңдеши жок табияты менен бириктирген Кара деңиз болсо Европа жана АКШ менен бирге Булуң өлкөлөрүнөн келген туристтерди тартууда.
Түркиянын «апапак бейиши» Памуккале орустардын, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесиндеги Сафранболу болсо тайвандыктар эң көп зыярат кылган жерлердин арасында орун алды.
Түркияга келген турист санында биринчи орунду немистер менен орустар алууда.
Белгилүү пляждары менен бирге Кападокия менен Невшехир, Зеугма менен Газиантеп, Кызкалеси менен Мерсин, Селимие мечити менен Эдирне европалык туристтердин кызыгуусуна ээ болууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар