Чет өлкөдө жашаган түрктөр үчүн өкүлчүлүктөр ачылат

Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Айшенур Ислам, алгачкы өкүлчүлүктү ушул айда Германияда ача тургандарын белгиледи.

261199
Чет өлкөдө жашаган түрктөр үчүн өкүлчүлүктөр ачылат

Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министрлиги, чет өлкөлөрдө жашаган түрк жарандарынын социалдык тейлөө жана укуктардан пайдаланууларын камсыздоо максатында, ал жерлерде өкүлчүлүктөрдү ачат.
Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Айшенур Ислам, алгачкы өкүлчүлүктү ушул айда Германияда ача тургандарын белгиледи.
Эң маанилүү иштеринин чет өлкөдө үй-бүлөлөрдүн эркиндигине байланыштуу иштер болоорун баса белгилеген министр айым, түрк жана мусулман үй-бүлөлөрдү, коргоочу үй-бүлө системасы туурасында маалыматтандырууну ойлогондорун сөз кылды.
Кандайдыр бир түрк үй-бүлөдөн алынган бир баланын, башка бир түрк үй-бүлөгө «коргоочу үй-бүлө» катары бериле алышы керектигин белгилеген Айшенур Ислам: «Эгер бул талап кылынса, үй-бүлө жашаган өлкөнүн буга каршы чыга албай турганын ойлоодобуз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар