Түрк Кызылайынын жардамдары

Түрк Кызылайы газалык жетим балдарга жардам берди.

259732
Түрк Кызылайынын жардамдары

Түрк Кызылайы Газада 127 жетим балага накталай акча жардамын берди.
Кызылайдын эл аралык программалар боюнча координатору Гөкхан Дуду, газалык жетим балдарга 7 миң доллардык акчалай жардам бергендерин белгиледи. Дуду алдыдагы 3 ай бою акчалай жардамдардын таркатылышын уланата тургандарын айтты.
Кызылайдын жардамдарынын Газа тилкесиндеги жалгыз жетимдер үйү болгон «Эмел» интернатында жашаган балдарга берилгенин маалымдаган Дуду: «Жетимдерге жардам берүү биздин негизги ишибиз. Балдардын жүзүн жылмайта алуу жана алардын колдоочусу экендигибизди сездире алуу биз үчүн бакыт»-деди.
Палестинанын Социалдык иштер министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда Газада 20 миңдей жетим бала бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар