ТРТ менен NBC ортосунда кызматташтыкка кол коюлду
ТРТ тажрыйбаларын Намбия менен бөлүшөт
256343
Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси Африка өлкөсү Намбияга телекөрсөтүү жана радио программалары тууралуу колдоо берет. Африка өлкөсү Намбиянын медиа мекемеси NBC менен ТРТнин ортосунда кызматташтык токтомуна кол коюлду. ТРТ тажрыйбаларын Намбия менен бөлүшөт.
ТРТнын баш директору Шенол Гөка түрк маданиятынын таанытылуусу жактан Африка менен курулган карым – катнаштардын маанисин белгиледи.
Намбия медиа мекемеси NBCнин баш директору Альберт Аукамуб да ТРТ менен кызматташтыктын өз өлкөлөрү үчүн мүмкүнчүлүк экенин, түрк маданиятын дагы жакындан таануу жана таанытууну каалашкандарын белгиледи.