ТИКА Польша татарларына жардам берет

Польдана татарлардын жашоосу 14 - кылымга чейин барат

253664
ТИКА Польша татарларына жардам берет

Польшадагы жашоосу 14 - кылымга чейин барган татарлар диндерин жана маданияттарын сактоо менен күчтөндүрүүгө аракет кылышууда. Түркия Польшада жашаган татарларды жалгыз калтырган жок.
Ар башка өлкөлөрдөгү тектеш жана тууган коомдорго карата өнүгүү жана кызматташтык иштерин жүргүзгөн Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин төрагалыгы ТИКА Польшадагы татарлардын диний, маданий жана социалдык күбөлүктөрүнүн күчтөндүрүлүшүнө карата ар түрдүү проектилерди турмушка ашырууда. Проектилердин биринчиси борбор шаар Варшавадагы мусулман мазарынын оңдолуусу. Бирөөсү болсо өлкөнүн түндүк чыгышында татарлар көп болуп жашаган Суховова кыштагындагы татар маданий борборун куруу иштери. Аткарыла турган иштерге баа берген Польша муфтий Томаш Мискиевич : «Бул жерде түрк өкмөтүнүн ТИКАнын арачылыгы менен берген материалдык жардам биз үчүн абдан маанилүү. Түрк өкмөтү менен президент Р. Т. Эрдоганга ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар