Эрдоган "Тынчтык" саммитинде сөз сүйлөдү
Президент : «Аскердик архивдерибизди ачууга даярбыз»,- деди
Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын 1915- жылдагы окуялар тууралуу аскердик архивдерин ачууга даяр экенин айтты. Президент Эрдоган Чанаккале согуштарынын 100 жылдыгынын негизинде Стамбул конгресс борборунда өткөрүлгөн Тынчтык саммитинде Биринчи Дүйнөлүк согушунун үстү жабык түрдө улантылганын белгилеп, тынчтыктын жана бейкуттуктун курулушу үчүн эл аралык кызматташтыктын шарт экенин айтты. Эрдоган армян диаспорасынын 1915 – жылдагы окуялар тууралуу айтылгандардын толугу менен негизсиз экенин белгилеп Европа Биримдигине төмөнкүчө кайрылды: «Бир миллионго жакын документ жана маалыматтын бар экенин ар дайым айтуудабыз. Биз аскердик архивдерибизди ачууга да даярбыз. Биздин бул тууралуу коркуубуз жана тынчсыздануубуз жок. Биз, биздин аталарыбыздын зулумчулук кылбаганына ишенебиз». Болгондор тууралуу экинчи кабарын Чанаккаледе өткөрүлө турган салтанатта билдирерин айткан президент Эрдоган кыйынчылыктарды жарыштыруунун эч кимге пайдасы жок экенин айтты. Президент : «Тарыхты кек сактоо жана жек көрүү абалына алып келүүнүн, армян коому башта болуу менен эч кимге пайдасы жок. Чанаккаледе боло турган салтанатта бере турган тынчтык жана достук кабары канчалык туура болсо, ошол эле күнү дүйнөнүн бир топ жеринде армян дооматтары менен көрсөтүлө турган мамиле да ошончолук жаңылыш»,- деди. Армян дооматтарына колдоо берүү менен алардын кыйынчылыктарын бөлүшкөндөрдү, каза болгон 4 миллион түрктүн кыйынчылыгын да бөлүшүүгө чакырган президент Эрдоган : «Кыйынчылыктардын арасында бөлүүчүлүк болбойт»,- деди.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.