Шульц менен Давутоглу телефон аркылуу сүйлөштү

Европа Парламентинин спикери Шульц премьер – министр Давтуоглуна телефон чалды

239753
Шульц менен Давутоглу телефон аркылуу сүйлөштү

Европа Парламентинин спикери Мартин Шульц премьер – министр Ахмет Давутоглуна телефон чалып 1915 - жылдагы окуялар тууралуу чечимдин өзү болбогон учурда чыгарылганын айтты. Шульц Түркиянын бул тууралуу мамилесин билгенин жана каршы чыгууларды да түшүнгөнүн белгиледи. Премьер – министр Давутоглу да Түркиянын бул чечимди Түркиянын четке какканын айтты.
Европа Парламенти чыгарган чечимди негизсиз деп мүнөздөгөн Давутоглу чечимдин Түркия – Европа Биримдиги карым – катнаштарына зыянын тийгизе тургандай эле Түркия менен Армениянын ортосунда макулдашуунун түзүлүшүнө карата аракеттерге да тескери таасирин тийгизерин баса белгиледи. Давутоглу айрыкча Европа өлкөлөрүн Арменияга жана армян диаспорасына диалог чакыруусун салууну улантууда.
1915 - жылдагы окуялардын иликтенүүсү үчүн биргелешкен тарых комиссиясынын курулушун максат кылган чакыруулардын оң кабыл алынбаганын белгилеген Ахмет Давутоглу : «Чындыктардын иликтенүүсү жана макулдашуунун түзүлүшү бири биринин аракетин колдоо менен мүмкүн боло алат»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар