Балдар майрамына карата даярдыктар ылдамдык менен улантылууда

Майрамга 31 өлкөдөн 500гө жакын бала катышат

235598
Балдар майрамына карата даярдыктар ылдамдык менен улантылууда

ТРТ 37 - Эл аралык 23 - Апрель Балдар майрамына карата даярдыктар ылдамдык менен улантылууда. 31 өлкөдөн 500гө жакын бала катыша турган майрам үчүн ТРТ даярданууда. Дүйнөнүн төрт бир тарабынан балдарды 23 - Апрелде жолугуштурган майрамдын бул жылкы адреси Анталья. 37 - жолугушууга саналуу күндөр калганда даярдыктар акыркы баскычына келди. Майрам Антальяда курулган «Балдар өлкөсүндө» өткөрүлөт. Балдар өлкөсүнүн эң чоң сюрпризи ТРТ балдар каналынын каарманы болот. ТҮБИТАК илимий иш чараларды уюштурат, ТҮКРСАТтын планетарийинде балдар космоско жүргүнчүлүккө чыгат.
15 - апрелде шаан – шөкөт жүрүшү менен баштала турган программада пикник, өлкө иш чаралары, экология жана маданий саякаттар, ТРТ Анталья радиосунун балдар хору да орун ала турган концерттер өткөрүлөт.
ТРТ каналдарынан түз эфирде бүткүл дүйнө балдарына жеткириле турган шаан – шөкөт 23 - Апрелде Тургут Өзал жабык спорт залында боло турган гала атайын программа менен аяктайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар