Эдуард чаар гүлүн таанытуу

Денизлиде өскөн эдуард чаар гүлү башкача айтканда кыргызча аты Айгүл гүлү дүйнөгө таанытылат

232940
Эдуард чаар гүлүн таанытуу

Денизли мэри Осман Золан шаардын ар бир баалуулктарына ээ чыгышкандай эле бул өсүмдүккө карата милдеттерин орундатышарын айтты. Бир топ дин жана маданият үчүн кайгынын символу катары билинген эң эски кооздук өсүмдүгү болгон эдуард чаар гүлү уламыштарда сөз болгон. 19 - кылымдын акырларына чейин осмондук жерлерине таандык гүл деп калган. 20 - кылымдын баштарында жүргүзүлгөн иликтөөлөр жана өнүккөн өсүмдүк өстүрүүнүн натыйжасында түрлөрү көбөйгөн.
Кошумчалай кетсек дүйнөнүн саналуу гана жерлеринде өскөн айгүл гүлүн Кыргызстанда бир гана Баткен аймагынан көрүүгө болот. Тактап айтканда, гүл өскөн тоо Айгүл-Таш деп аталып, ал Баткен шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Гүлдүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар