«ДЕАШКА кошулууга бөгөт болуу үчүн кызматташтык шарт»

Түркиянын сириялык баш калкалоочуларга берген жардамдарды көргөнүн белгилеген Шульц түрк өкмөтүнө рахмат айтты

233019
«ДЕАШКА кошулууга бөгөт болуу үчүн кызматташтык шарт»

Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц террордук уюм ДЕАШка кошулган европалык кээ бир кишилердин лагерлерде машыккандан кийин кол салуу максатында кайрадан өлкөлөрүнө кайтышкандарн айтты. Мурунку күнү Түркияга келген Шульц сириялыктар жашап жаткан Килистеги Өнжүпынар контейнер шаарчасына жасаган сапарынан кийин Газиантеп аэропортунда пресс – жыйын өткөрдү. Түркиянын сириялык баш калкалоочуларга берген жардамдарды көргөнүн белгилеген Шульц түрк өкмөтүнө рахмат айтты.
Түркияда жана Сирия тарабында түрдүү жарандык коом мекемелери тарабынан жүргүзүлгөн иш чаралардын улантылуусу керектигин белгилеген Шульц өзгөчө билим берүү тууралуу иш чаралардын маанисине көңүл бурду.
Европа парламентинин төрагасы террордук уюм ДЕАШка кошулууларга бөгөт болууда полиция жана чалгындоо күчтөрүнүн арасында тыгыз жана жакын кызматташтыкка муктаждыктын бар экенин айтты. Шульц түрк чалгындоосу менен баштаткан кызматташтыктын да улантылып жатканын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар