Грузия менен энергетика кызматташтыгы

Түркия менен Грузиянын ортосунда энергетика кызматташтыгы келишимине кол коюлду

232594
Грузия менен энергетика кызматташтыгы

Стамбулда кол коюлган келишимге энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз менен Грузиянын энергетика министри Каха Каладез кол коюшту.
Танер Йылдыз Стамбулда өткөрүлгөн кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө коңшулардын бири бирине өзгөчө энергия секторунда керек экенин белгилеп : « Грузия энергияга муктаж болгондо биздин, биз муктаж болгондо да Грузиянын салым кошконун көрүүдөбүз»,- деди.
Грузия менен жогорку деңгээлде стратегиялык карым – катнаштардын бир топ биргелешкен проекти жаратуусуна мүмкүнчүлүк түзгөнүн баса белгилеген министр Йылдыз ТАНАПтын булардын бирөөсү экенин эске салды.
Грузиянын энергетика министри Каха Каладез да сөзүндө эки калктын кылымдардан бери келген достугунун бар экенин, өкмөт катары буга ар түрдүү жардам беришкендерин жана беришерин айтты. Кол коюлган энергетика келишиминин мазмунуна байланыштуу маалымат да берген Каладез негизги беренелердин биринин жаңы жол проектиси экенин жана ишке ашырыла турган иштер менен азыркы учурдагы электр агымынын арттырылыран айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар