Эрдогандын Иран сапары

Эрдоган Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынында 8 келишим жана 1 меморандумга кол койгондорун жарыялады.

230226
Эрдогандын Иран сапары

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирак, Сирия жана Йемен баш болгон аймакта аккан кандын токтотулушу үчүн Түркиянын милдетин аткарууга даяр экенин айтты.
Расмий сапар менен Иранга барган президент Режеп Таййип Эрдоган кесиптеши Хасан Руханыи менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү. Рухани Түркия менен жакшы мамилелер уланышын каалаганын сөз кылды.
Президент Эрдоган менен аймакта басымдуу болгон ишенбөөчүлүк жана ыраатсыздык атмосферасына чыдамы болбой турганын сүйлөшкөндөрүн белгилеген Рухани, Йеменден баштап бүтүндөй аймак өлкөлөрүндө болуп жаткан маселелерди бир-бирден карап чыгышып, төгүлгөн кандын токтотулушу үчүн керектүү нерсенин жасалышы темасында бирдей пикирде болгондорун сөз кылды.
Президент Эрдоган болсо өз сөзүндө, Рухани менен бирге жетекчилик кылган Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынында 8 келишим жана 1 меморандумга кол койгондорун жарыялады.
Хасан Рухани менен маданият, турзим, саясат, энергетика, тарнспорт жана экономика тармактарында кызматташуу темаларын карагандарын билдирген Эрдоган, аймактын айланасында от күйгөн абалда экенин баса белгилеп, террор менен күрөшүүдө эл аралык аренада таштала турган кадамдарга баа бергендерин белгиледи.
Дос жана боордош өлкө катары жаратылыш газ жана электр энегиясынын баалары темасында өзгөчө кызматташуу керектигин баса белгилеген Эрдоган, бул темада Тегеран башкаруучулугунан кадам таштоосун талап кылды.
«Жаратылыш газ арзандаса дагы көп сатып алабыз»-деген президент, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн сандарынын артышы керектигин да белгилеп өттү.
Эки өлкөнүн ортосундагы алып-сатуулардын доллар же евро менен эмес, ошондой эле эки өлкөнүн улуттук акча бирдиктери менен жасалышын сунуштаган Эрдоган, мунун бүткүл дүйнөгө үлгү боло турганын да белгиледи.
Ирак,Сирия жана Йемендин канап жаткан бирден жара болгонун баса белгилеген Эрдоган, аккан канды токтотуу максатында чогулушуп, сүйлөшүү же диалог жолунун тандалышы үчүн арачылык менен кошо эмне керек болсо жасалышын сунуштады. Эрдоган сөздөрүн аяктап жатып президент Руханиге меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Түркиядан Иранга президенттик деңгээлде 4 жылдык мөөнөттөн кийин жасалган сапар убагында Эрдоган, Ирандын диний лидери Айетуллах Сеййид Али Хаманей менен да жолукту.
Президент Эрдоганды Иран сапарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, бажы жана соода министри Нуреттин Жаникли, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз, маданият жана туризм министри Өмер Челик менен өнүгүү министри Жевдет Йылмаз коштоп барышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар