Түрк аба жолдору Тайванга түздөн-түз каттамдарын баштады

Тайванды өткөн жылы 40 миң түрк кыдырды.

228265
Түрк аба жолдору Тайванга түздөн-түз каттамдарын баштады

Түрк аба жолдору Тайванга түздөн-түз каттамдарын баштады.
Каттамдардын өз ара соода алакаларына да ылдамдык киргизиши күтүлүүдө.
Жылына 9 миллион турист тосуп алган Тайванды өткөн жылы 40 миң түрк кыдырды.
Тайвань жеринин көлөмү кичине болгонуна карабастан чоң экономикалык күчкө эгедер.
Бул өлкө дүйнөлүк экспортто 13-орунда турат.
Киши башына түшкөн киреше 20 миң доллар.
Ар түрдүү жашылча-жемиштер менен катар текстиль жана табигый таштар бул өлкөнүн маанилүү секторлорунун арасында орун алууда.
Түркия болсо Тайвандын мрамор муктаждыгынын 70 пайызын камсыздайт.
Ошондуктан Түрк аба жолдорунун түздөн-түз каттамдарынын соода алакаларына ылдамдык киргизиши күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар