Йеменден экинчи түрк тобу да чыгарылды

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Санадан чет элдик жарандар менен кошо 230 киши чыгарылганын билдирди.

226596
Йеменден экинчи түрк тобу да чыгарылды

Катуу кагылышуулар болуп жаткан Йеменден дагы 185 түрк жараны чыгарылды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Санадан чет элдик жарандар менен кошо 230 киши чыгарылганын билдирди.
Мевлүт Чавушоглу твиттер эсебинен бөлүшкөн маалыматында эң оболу Адендеги 55 атуулдун ийгиликтүү чыгарылганын эске салып, жалгыз эле Түркиянын атуулдарын эмес, өздөрүнөн жардам сураган башка өлкөлөрдүн жарандарын да чыгаргандарын айтты.
Чавушоглу: «Түркия Республикасы ушундайча күчүнө жана улуулугуна жарашкыдай дагы бир операцияны ийгиликтүү аткарган болду»-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглунун абалды тынымсыз байкаганын жана керектүү буйрукту бергендерин белгилеген Чавушоглу, бардык тийиштүү бөлүм жана мекемелерге аянбай иштегендери үчүн ырахматын айтты.
Йеменде болуп жаткан ички баш аламандыктын себебинен ал өлкөдөн чыгарылган 185 түрк жараны, Түрк аба жолдрорунун учагы менен бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 12:40та Стамбулга учту.
Аден шаарынан Түрк деңиз күчтөрүнө таандык ТР Бүйүкада фрегаты менен ташылып Жибутиге өткөрүлгөн 55 түрк жараны да кечээ кечинде учак менен Стамбулга келген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар