Президент Эрдоган Бухарини куттуктады

Эрдоган сүйлөшүүдө Нигерия менен карым – катнаштарды өнүктүрүүгө абдан чоң маани беришкендерин да баса белгиледи

223630
Президент Эрдоган Бухарини куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган Нигерияда жуманын акырында өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жеңиш менен чыккан Мухаммед Бухариге телефон чалып куттуктады. Бухариге жаңы ийгиликтерди каалаган президент Эрдоган Нигериядагы президенттик жана парламенттик шайлоонун жогорку катышуу катнашы менен жана тынчтыкчыл чөйрөдө өткөрүлүүсүнөн ыраазы экенин билдирди. Эрдоган сүйлөшүүсүндө Түркиянын Африкадагы эң негизги өнөктөштөрүнөн Нигерия менен карым – катнаштарды өнүктүрүүгө абдан чоң маани беришкендерин да баса белгиледи. Эрдоган жана Бухари сүйлөшүүдө Түркия – Нигериянын ортосундагы карым – катнаштар башта болуу менен ар тармакта кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу чечкиндүүлүктөрүн билдиришти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар