Тышкы иштер министрликтин Грецияны эскертүүсү

Билгич Түркиянын бул деңиздин эки өлкөнүн ортосунда тынчтык,достук жана кызматташтык катнашы болушун каалаганын баса белгиледи.

221258
Тышкы иштер министрликтин Грецияны эскертүүсү

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Эгей деңизиндеги оң атмосферага зыян тийгизе турган бир жактуу киришүүлөрдөн алыс туруу керектигин баса белгиледи.
Министрликтин жарыясында Түркиянын аймактагы эл жана кызыкчылыктарын эл аралык укуктун алкагында коргоосун уланта турганы баса белгиленип: «Учурдагы диалог механизмдеринен пайдаланылышы керектигин дагы бир жолу баса белгилейбиз»-деген сөз айтты.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич Грециянын тышкы иштер министрлигинин катчысынын «Өлкөсүндөгү Түркияга карай бурмалоочу түшүнкүтөгү сөздөрүнө» байланыштуу суроо боюнча, «Өлкөбүздүн Эгей деңизине карай мамилеси так жана муну тийиштүү бардык тараптар жакындан билишет»-деди.
Түркиянын бул деңиздин эки өлкөнүн ортосунда тынчтык,достук жана кызматташтык катнашы болушун каалаганын баса белгилеген Билгич: «Эгейдеги бардык маселелердин эки тарап тең ыраазы боло турган, орток кызыкчылыкка ылайык, БУУнун шарттарында көздөлгөн шайкеш келбөөчүлүктөрдүн тынчтыкчыл жолдор менен чечилиши ыкмалары менен кеңири жана туруктуу түрдө чечилиши үчүн керектүү саясий эрк жана чечкиндүүлүктү коргойбуз»-деди.
Танжу Билгич грек катчысынын ачыктоолоруна шилтеме кылып: «Бүткүл Эгей маселелеринин негизинде жаткан бурмалоочу түшүнүк, эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшү жана Эгейдеги маселелердин чечилиши үчүн ортого салынган аракеттерге зыян тийгизет»-деген сереп салганын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар