Жемил Чичек АКШда

Чичек Мэрилендде курулушу улантылып жаткан Түрк - Америка маданият жана цивилизация борборун зыярат кылды

284228
Жемил Чичек АКШда

Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Чичектин расмий сапар менен барган АКШдагы жолугушуулары улантылууда. Чичек Вашингтондогу жолугушууларынын акыркы күнүндө АКШ конгрессинде өкүлдөр парламентинин Түркия достук тобунун кош төрагалары жана «Түркия иш алып баруу тобу» тарабынан берилген эрте мененки тамакка катышты. Жыйынга өкүлдөр парламентинин Түркия Достук Тобунун кош төрагаларынан республикачыл партиясынын мүчөсү Кентукки депутаты Эд Уитфилд жана кээ бир конгресс мүчөлөрү да катышты. Чичек андан кийин Мэрилендде курулушу улантылып жаткан Түрк - Америка маданият жана цивилизация борборун зыярат кылып жетекчилерден маалымат алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар