"Тылдык жардам берүүнү ойлонобуз"

ДЕАШтын ислам дини менен байланышынын жок экенин жана мамлекет да эмес экенин баса белгилеген Эрдоган : «Бул бир террордук уюм»,- деди

283782
"Тылдык жардам берүүнү ойлонобуз"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Йемендин мамлекет башчысы Абдуррабу Мансур Хадинин талабы менен Суад Арабстандын жол башчылыгындагы араб өлкөлөрүнүн хуси буталарына карата баштаган «Чечкиндүүлүк борошосу» аттуу операцияны колдогонун белгиледи.
Эрдоган Франциянын телекөрсөтүү каналына берген маалыматында : «Абалга жараша тылдык жардам берүүнү ойлоодобуз»,- деди. Шиит хусилердин Аль Каида жана башка террордук топтор менен бирге Йеменден чегинүүсү кереткигин айткан Эрдоган ошол эле нерсенин Иран үчүн да айтыла аларын билдирди. Иранды айрыкча Ирактагы күчүн арттыруу менен да сынга алган президент Тегеран башкаруусунун террордук уюм ДЕАШты аймактан кууп чыгып анын ордун алууга аракет кылып жатканын айтты. Коалиция күчтөрүнүн уюмга каршы жүргүзүлгөн аба операцияларынын жетерсиз экенин да белгилеген Эрдоган : «ДЕАШты жеңүү үчүн кургактык кыймылы керек болушу мүмкүн»,- деди. ДЕАШтын ислам дини менен байланышынын жок экенин жана мамлекет да эмес экенин баса белгилеген Эрдоган : «Бул бир террордук уюм»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар