Президент аялдар күнүнөн улам куттуктоо жарыялады
Президент Эрдоган куттуктоосунда аялдар тууралуу маселелер менен чечкиндүү түрдө күрөшүүнү улантарын баса белгиледи
253505
Президент Р. Т. Эрдоган 8 - Март бүткүл дүйнөлүк аялдар күнүнөн улам куттуктоо жарыялады. Президент Эрдоган куттуктоосунда аялдар тууралуу маселелер менен чечкиндүү түрдө күрөшүүнү улантарын баса белгиледи. Президент : «Өзүнө ишенген, тайманбас, билимдүү аялдарыбыздын экономикадан саясатка чейин ар тармакта санынын өсүүсү, өлкөбүздү өнүккөн абалга алып келет»,- деп баса белгиледи. Президент Эрдоган негизги укуктар жактан эркек жана аялдардын ортосунда эч кандай айырмачылык жана бөлүүчүлүктүн орду болбошу керектигин белгиледи.