Түркиянын эң чоң чатыр шаары ачылды
Чатырдын ачылышын эмине Эрдоган аткарды
Шанлыурфанын Суруч районунда 35 миң кишилик көлөмгө ээ чатыр шаардын ачылышын президент Р. Т. Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган аткарды. Сириялык балдар аткарган элдик бийлер тобу тосуп алган Эмине Эрдоганга лагерде жашап жаткан сирялыктар абдан чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Эмине Эрдоган ачылышта сүйлөгөн сөзүндө 35 миң киши жашай ала турган 7 миң үй – бүлө чатыры менен бирге балдар ойной турган аянттардан көңүл ачуу жерлерине чейин бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн дүйнөнүн эң чоң жана заманбап чатыр шаарынын Суручта курулганын айтты. Түркиянын дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун жапа чеккендерге жардам берүүгө аракет кылганын айткан Эрдоган бул жаңы ачылган лагердин мунун мисалдарынын бири экенин белгиледи. Сириялык күрттөрдүн Кобани нормалдашканга чейин Түркияда абдан жакшы конок болоруна көңүлдөрдү бурган Эрдоган Түркиянын меймандостугунун башка дүйнө өлкөлөрүнө да үлгү болушун күтүшкөндөрүн айтты.