Давутоглу Нью-Йоркто инвесторлор менен жолугушту

Давутоглу инвесторлорду Түркияга инвестиция жасоого чакырды.

249541
Давутоглу Нью-Йоркто инвесторлор менен жолугушту

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ АКШга барган премьер-министр Ахмет Давутоглу Нью-Йоркто Американын алдыңкы финансы мекемелеринин бири Голдман Сакстын түздөн-түз инвесторлору менен жолугушту.
Түркия аймагында ыраатуулук аралы экенине көңүл бурган Давутоглу Түркияга инвестиция жасоого чакырды.
Давутоглу Стамбулдун дүйнөлүк экономикадагы орду бара-бара дагы да маанилүү болоорун айтты.
Жыйындан кийин ишкерлер менен өз алдынча жолугушкан өкмөт башчы, кечки сый тамакта болсо Ситибанктын инвесторлору менен жолугушту.
Түрк Америка коомдорунун өкүлдөрүнө кайрылган Давутоглу биримдиктүү болууга чакырды.
Көп сандаган жетекчилер менен катар вице-премьер Али Бабажан жана каржы министри Мехмет Шимшек да катышкан жыйында Давутоглу: «Түркия Республикасынын демократияга негизделген мыйзамдуулугу, экономикалык күчүнө таянган ырааттуулугу бардык жерде мактоого арзырлык»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар