Түркмөндөргө жардам

Түрк Кызылайы Ирактагы түркмөндөргө 3 айга жакын убакыттан бери жардам берүүдө

245864
Түркмөндөргө жардам

Түрк Кызылайы Түркиянын Багдат элчилигинин координациясы менен Нежеф шаарындагы түркмөн баш калкалоочуларга жардам колун узатты.
Жардам берүүгө Түркиянын Багдат элчиси Фарук Каймакчы да катышты. Кызылайдын Ирак жооптуусу Шафак Лостар жардамды өлкөнүн түндүк аймактарынан башташкандарын, ДАИШ кол салууларынан улам бул жерди бошотууга мажбур болгон баш калкалоочуларга алдыңкылык берилгенин айтты. Лостар Түрк Кызылайынын жардам иш чараларынын жалпы өлкөдө 3 айга жакын убакыттан бери жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
Түркмөн фронтунун Телафер жооптуусу Касым Кара Түркиянын түркмөндөргө жардам берүүсүнөн улам бактылуу болушкандарын айтты. Кара Перс булуңуна чейин 250 миң түркмөн баш калкалоочунун бар экенин жана негизги муктаждыктарынын арасында кийим – кече, жууркан жана азык – түлүк бар экенин билдирди.
Жардам берүүнүн негизинде Вавилон, Кербела жана Нежеф шаарлдары менен Куфе аймагындагы түркмөндөрдөн турган 4 миң 500 гө жакын үй – бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар