Президент Эрдоган Сауд Арабияда

Эрдоган Риядда Сауд Арабиянын королу менен жолугушат.

243423
Президент Эрдоган Сауд Арабияда


Президент Режеп Таййип Эрдоган Риядда Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдуллазиз Аль Сауд менен жолугушат.
Жолугушууда түптүү орток өтмүшкө таянган тарыхый туугандык байланыштарына ээ болгон Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы стратегиялык мүнөздөгү алакалар менен катар аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашылышы күтүлүүдө.
Эрдоганды Сауд Арабиядагы жолугушууларында вице-премьерлер Ялчын Акдоган жана Нуман Куртулмуш менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана экономика министри Нихат Зейбекчи коштоп жүрүшөт.
Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштар менен катар аймактык маселелер каралат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар