«Аймактык динамикалар жана Түркия»

Премьер Бүлент Арынч «Аймактык динамикалар жана жаңы Түркия» деген темада баштала турган жаз мезгилинин ачылышына катышты

241246
«Аймактык динамикалар жана Түркия»

Вице – премьер Бүлент Арынч Анкара ой жана иликтөө борборунда өткөрүлгөн «Аймактык динамикалар жана жаңы Түркия» деген темада баштала турган жаз мезгилинин ачылышына катышты. Ачылышка көп сандаган түрк жана чет элдик студенттер да катышты. Бүлент Арынч ачылууда сүйлөгөн сөзүндө Өлкө тышы жана боордош коомдор төрагалыгынын кошкон салымы менен Түркияда университетте окуган жаштардын окуусун бүтүргөндөн кийин өлкөлөрү менен Түркиянын ортосунда бекем достук куруусун каалаганын айтты.
Чет элдик студенттердин Түркияда жакшы билим алуусунан бактылуу болушарын белгилеген Арынч : «Өлкөңүздөргө кайта турган болсоңуздар, бул мамлекетти жана адамдарын да жакшы көрсөңүздөр бул биз үчүн абдан чоң пайда»,- деди. Арынч Түркиянын өткөн күндөн азыркы күнгө чейин курулган мамлекеттер менен күчтүү улут, мамлекет катары тарыхта ордун алганын айтты. Чет элдик студенттердин келген өлкөлөрдүн да тарыхынын, маданиятынын бар экенин белгилеген Арынч буларды айтты : «Бул жерлерде абдан чоң цивилизациялар курулду. Көптөгөн уруулар жашады, көптөгөн согуштар болуп, көпкө созулган императорлуктар түзүлдү, эми болсо республика жашап жатат. Түркия калкы күчтүү болгон өлкө. Калкынын саны 80 миллионго жакындады. Бул калктын жарымынан көбүнүн жашы 30 жаштын астында. Бул калкы жаш өлкө демек. Биз жаш калкты абдан чоң баалуулук катары карайбыз».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар