Президенттиктин катчысы маалымат берди

Ибрахим Калын күн тартипке байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү.

229774
Президенттиктин катчысы маалымат берди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын күн тартипке байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү.
Калын «Сүлейман Шах» күмбөзү жана Урматтоо күзөт жайына байланыштуу операция жүргүзүүнүн Сирияда начарлап бараткан коопсуздук шарттары болгонун баса белгиледи.
«Өкмөтүбүз, ыктымалдуу кол салуу коркунучун бул операция менен жойгон болду»-деген Ибрахим калын: «Бул жерде бизге таандык территориянын укуктук статусунда эч кандай өзгөртүү болбойт»-деп айтты.
Калын Сирияда уланып жаткан согушка байланыштуу «ДАИШтин варвардай кыймылдарына Сирия режими уруксат берүүдө. Сириядагы согуштун соңуна чыгарылышы керектигин дагы бир жолу кайталаймын»-деди.
Ибрахим Калын PYDнын Түркия үчүн террор уюму болгонун да баса белгиледи.
Катчы Калын журналисттердин суроолору боюнча президенттик системасынын талаштарына да токтолду.
Ибрахим Калын: «Президенттик система келгенде парламенттин таасири болбой тургандай сереп салынууда. Булардын чындыктар менен тиешеси жок. Президенттик системасы ишке ашкан өлкөлөргө караганыбызда парламенттин күчтүү иштеп жатканын көрөсүз. Түркия эң мыкты кандай башкарылат, эң таасирдүү система кайсынысы болот деген суроолорду талкуулайбыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар