Ахмет Давутоглу Ибади менен телефон аркылуу сүйлөштү

Давутоглу жана Ибади аймактагы террордук коркутууну карап чыгышты

226907
Ахмет Давутоглу Ибади менен телефон аркылуу сүйлөштү

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Ирактын премьер – министри Ибади менен телефон аркылуу сүйлөштү.Эки премьер – министрдин Ирак – Түркия карым – катнаштары, ДАИШ менен күрөшүү, Мусулду куткаруу планы жана нефть өткөрүү темаларын карап чыгышканы билдирилди. Ирактын премьер – министрлик офисинен берилген маалыматка караганда эки премьер – министр Ирак менен Түркия карым – катнаштарынын дагы да өнүктүрүлүшүнүн калктардын пайдасына экени тууралуу макулдашышканы билдирилди. Давутоглу жана Ибади аймактагы террордук коркутууну да карап чыгышты.
Жазуу түрүндөгү маалыматта Ибади : «Ирак коопсуздук күчтөрү Элдик коом жана пешмерге бөлүктөрү, ДАИШ террордук уюмуна каршы бирдикте күрөшүү менен көп сандаган жеңишке жетишүүдө. Бул күчтөр уюмду Трактын жерлеринен чыгарганга чейин күрөшүүнү улантат»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар