Түрк аба жолдоруна таандык учак Аммандан чыга албай калды

Учакта билим берүү министри Наби Авжы да бар

225169
Түрк аба жолдоруна таандык учак Аммандан чыга албай калды

Амман – Стамбул каттамдарын аткарып жаткан түрк аба жолдоруна таандык учак ыңгайсыз аба шарттарынан улам Иорданиянын борбор шаары Аммандан чыга албай калды.
Жүргүнчүлөрдүн арасында билим берүү министри Наби Авжы да болгон учак калың кар жаашы жана аянтты тазалай турган техникалык экипаждын жоктугунан Аммандан чыга албай калды.
Түрк аба жолдору фирмасынын жетекчилери аэропортто эч ким менен байланыш түзө албастан абал тууралуу иорданиялык жетекчилердин билдирүү жасоосу күтүлүүдө. Жүргүнчүлөрдүн учактан чыгуу талабына жооп берилбегени жана электр системаларындагы үзгүлтүктөрдүн айынан кондиционерлердин иштебегни айтылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар