Президент академиктер менен жолугушту
Бул жолугушуунун темасы президенттик система болду.
Президент Р. Т. Эрдоган президенттик тегерек столдо академик, журналист, ой мекемелеринин өкүлдөрү жана саясатчылар менен жолугушту. Бул жолугушуунун темасы президенттик система болду. 19 киши катышкан жолугушуу 2 саат 45 минутага созулду. Президент жеке маселе эмес экенин баса белгилеген президенттик системанын керектүүлүгүнөн сөз кылды. Келген коноктор да президенттин калк тарабынан шайлануусу менен президенттик системасы үчүн бир кадамдын ташталганын айтышты.
Жыйынга катышкан ысымдардан парламенттин конституциялык комиссиясынын төрагасы Бурхан Кузу болсо чечүүчү жол процессинде болгондой президенттик системасын түшүндүрүү үчүн бир делегациянын түзүлүшү керектиги күн тартибине келгенин айтты.
Жыйындан кийин сөз сүйлөгөн Бурхан Кузу: «Президенттик сарайында текст даярдоо үчүн эмес, көз караш билдирүү үчүн чогулдук. Негизинен ортого чыккан пикир азыркы учурдагы модель менен Түркияда иштердин жүрбөй турганы болду»,- деди.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.