Түркия эң оптимист өлкө

Түркия эң оптимист жана үмүттүү өлкө катары биринчи орунда турат.

217663
Түркия эң оптимист өлкө

Эл аралык текшерүү жана кеңешчилик фирмасы Ernst & Youngдун (EY) Европа чакан көлөмдүү фирмалар барометрине ылайык Түркия эң оптимист жана үмүттүү өлкө катары биринчи орунда турат.
Европанын орто эсеби оптимист болуп чыкса дагы материктин ичиндеги өлкөлөрдүн өз абалдарына көз караштарында чоң айырмачылыктар болгону белгиленди. Изилдөөнүн алкагында фирмалардын учурдагы абалына байланыштуу көз караштары жана келечектен күтүүлөрүнө карай суроолорго берилген жоопторду чогуу караган индекс даярдалды. Ар бир өлкөгө минус 100 менен плюс 100дүн ортосунда балл берилди. Бул тизмелөөдө 65 балл алган Түркия, эң оптимист жана үмүттүү өлкө катары биринчи орунду ээледи. Түркиядан кийин 63 балл менен Ирландия жана Улуу Британия, 58 балл менен Дания, 56 балл менен Нидерландия, 55 балл менен Португалия жана 51 балл менен Испания орун алышты. Греция болсо минус 21 балл менен индекстин эң төмөн жагында орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар