Эрдоган Кубага барат

Түркиянын мамлекет башчысын Кубанын президети Рауль Кастро салтанаттуу түрдө тосуп алат.

215606
Эрдоган Кубага барат

Түркия-Түштүк Америка карым-катнаштарында дагы бир жаңы барак ачылууда.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Түштүк Америкага сапарынын экинчи бекети Колумбиядан кийин Куба болот.
Көптөгөн жыл мурда башталган Түркия-Куба карым-катнаштарынын ушул сапар аркылуу дагы күчтөнүшү күтүлүүдө.
Эрдогандын Кубага сапары 1995-жылдан бери аймакка жасалган президенттик деңгээлдеги алгачкы сапар болот.
Түркиянын мамлекет башчысы Кубанын президети Рауль Кастро тарабынан салтанаттуу түрдө тосулуп алынат. Андан кийин делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө катышат.
Эки тараптуу, аймактык жана эл аралык карым-катнаштар күн тартибинде боло турган сапарда президент Эрдоган Гаванадагы тарыхый жерлерди да кыдырат.
Мамлекет башчы программасынын аягында Ислам маданият жана көркөм өнөр платформасынын мүчөлөрүн кабыл алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар