Түркия глобалдык күчкө айланат

Давутоглу: «Максатыбыз Түркияны глобалдык күчкө айландыруу»-деди.

213936
Түркия глобалдык күчкө айланат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Кожаелиде элге кайрылды.
Максаттарынын: «2023-жылы Түркияны глобалдык күчкө айландыруу»-деп айткан Давутоглу, Түркияны өз танкасын, учагын, согуштук кемесин өндүрүп чыгарган, күчтүү өлкөгө айландыруу үчүн чечкиндүү иштеп жаткандарын баса белгиледи.
Давутоглу дүйнөнүн эң чоң аэропортторунан биринин Стамбулда салынып, Европа менен Азияны бири-бирине кошкон үчүнчү көпүрөнүн бүтүрүлүшү менен Кожаелинин Түркиянын өнүгүшүндө локомотив ролду милдеттене турганын айтты.
Давутоглу Гебзенин информатика өрөөнүн куруп, Кожаелини Түркияда жогорку технологияны ишке ашыруу борборуна айландыра тургандарын билдирип, Гебзе Технология университетин ошон үчүн кура тургандарын белгилеп өттү.
Давутоглу Информатика өрөөнүнүн инфраструктрасы даярдалганын жана апрелде пайдубалы түптөлүп курула баштаарын сөз кылып, Кожаелинин Түркия менен катар айланадагы өлкөлөрдүн, чөйрөдөгү эс тутумдардын да ар тараптан борбору болуп, көңүл буруучу шаарлардан бири боло турганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар