Түрк аба жолдору айрым учак каттамдарын жойду

Жүргүнчүлөр сапарга аттанаар алдында каттамдар тууралуу кеңири маалымат алуулары керек.

203044
Түрк аба жолдору айрым учак каттамдарын жойду


Түрк аба жолдору ыңгайсыз аба шарттарынын себебинен бүгүн, эртең жана 1-февралдагы айрым учак каттамдарын жойгонун билдирди.
Түрк аба жолдорунун расмий интернет барагындагы жарыяда, метеорологиялык болжолдоолордун негизинде ыңгайсыз аба шарттарынын каттамдарды үзгүлтүккө учуратуу ыктымалына каршы керектүү чаралардын көрүлгөнү баяндалды.
Билдирүүдө айрым ички жана тышкы каттамдардын убактылуу жоюлганы белгиленип, жүргүнчүлөрдөн сапарга аттанаар алдында каттамдар тууралуу Түрк аба жолдорунун интернет барагынан же болбосо 444 0 849 номерине чалып кеңири маалымат алуулары талап кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар