Президент тышкы саясат тууралуу билдирүү жасады

Президент Эрдоган ТРТда

202605
Президент тышкы саясат тууралуу билдирүү жасады

Президенттик сарайдын каалгалары биринчи жолу телекөрсөтүү каналы үчүн ачылды жана ал канал ТРТ болду. Президент Р. Т. Эрдоган ТРТнын атайын эфиринде тышкы саясат темаларына баа берди. Армян дооматтарына токтолгон президент Эрдоган диаспоранын чыр – чатак менен процессти жүргүзүүнү каалаганына көңүлдөрдү буруп : «Бирөөлөрдүн айтуусу менен биз, армян кыргынын кабыл алууга мажбур эмеспиз»,- деди. Эрдоган : «Бул темада чын дилден мамиле кылып жаткан болсоңуздар архивдерибизди ачалы, буларды тарыхчыларга калтыралы»,- деп чакыруу салды. Президент Эрдогандан Грециядагы шайлоо жыйынтыктары жана чагылуулары да суралды. Сиризанын бийликке келбеген партия экенин белгилеген Эрдоган : «Аянттарда берген убадалары менен Греция калкынын бир көрөлү дегендей абалы бар, жаш жана динамикалуу. Алексис бул ишти абдан жакшы колдонуусу керек»,- деди.
Түркиянын Европа Биримдиги процессине да токтолгон президент Европа Биримдигинин ушул күнгө чейин чын дилден кыймыл кылбаганын белгиледи. Президент Франциядагы «Шарли Эбдо» журналына жасалган кол салууга да токтолуп, 16 ай абакта жаткан кол салуучулардын эмне себептен чалгындоо уюму тарабынан иликтөөгө алынбаганын сурады.
Нетаньяхунун Париждеги террорго каршы жүрүшкө катышуусуна да баа берген Эрдоган : «Ал жерге чакырылбаса да барганын билдик. Ал жерде террорду айыптоо үчүн бул жерге барылган болсо, террордун диний улуту болбойт. Террорист варвар. Бирок Нетаньяху мамлекеттик террор жүргүзгөн адам»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар