Реха Денемечтин жаңы кызматы
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын төрага орун басарлыгы кызматына Реха Денемеч шайланды.
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын төрага орун басарлык кызматына Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Анкара эл өкүлү Реха Денемеч шайланды. Страсбургдагы Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын имаратында өткөрүлгөн кышкы сессиясындагы шайлоодо, Энн Брассер да 1 жылга кайрадан төрайымдык кызматка шайланды.
Брассер 2014-жылдын Европанын негизги баалуулуктары жагынан жакшы өткөнүн белгилеп, бир топ Европа өлкөсүндө террор кыймылдары келип чыкканын эскертти.
Өзгөчө Парижде 2015-жылдын 7-9-январь күндөрүндө болгон террордук кол салууларга токтолгон Брассер, жек көрүүчү сөздөрдү айтууга бөгөт болуш үчүн бирдиктүү болуу керектигин баса белгиледи.
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын төрайымдыгын 2014-жылдын январь айынан бери аркалап келген Люксембургдук парламентар Брассер, Украина менен Орусиянын ортосундагы кризиске байланыштуу да Минск келишими урматталышы чакырыгын таштады.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718940728)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.