Эрдоган журналисттерге маалымат берди

Президент Эрдоган параллель түзүлүш менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен уланганын баса белгиледи.

197867
Эрдоган журналисттерге маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сомали сапарынан кайтып келе жатканда массалык маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берди.
Чет өлкөдөгү параллель түзүлүштүн мектептерине токтолгон Эрдоган: «Сүйлөшүлгөн өлкөлөр, «Сизге каршы болгон бизге да каршы болуп саналат. Сизе каршы турган бардык элемент менен биздин мамилебиз болбойт»-дешти»-деп айтты.
Президент Эрдоган параллель түзүлүш менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен уланганын да баса белгиледи.
Эрдоган президенттик системанын дүйнөдө эң көп ишке ашырылган система болгонун белгилеп, «Көп баштуулуктун жоюлушу чечим чыгаруу процессин ылдамдатат жана натыйжа чыгаруу жеңилдейт»-деп айтты.
Эрдоган, премьер-министр Ахмет Давутоглунун да президенттик тезисти жактаганын айтты.
Президент Эрдоган шайлоо чегинин 10 пайыз болушунун бийликтин уланышы жагынан маанилүү экендигин белгилеп өттү.
Сирияда болуп жаткандарга да токтолгон Эрдоган, Иракта болгондорду Сирияда да болтурбоо үчүн эмне кылынышы керектигин көп жолу сөз кылганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар