Түркия террордун ар түрдүүсүнө каршы
Түркия, Украина жана Японияга көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын Мариуполь шаарындагы ракеталык кол салуунун жыйынтыгында 30 кишинин каза болгону боюнча көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Анда, «Туш келди атылган бул кол салууларды айыптайбыз. Бүтүндөй Украина калкын кайрат кылууга чакырып, жаралуулардын тез арада сакайып кетишин тилейбиз»-деп айтылды.
Минск ок атпоо келишимине баш ийилиши жөнүндөгү эл аралык коомчулуктун чакырктары да эске алынбаганы белгиленген билдирүүдө, жарандарды бутага алган мындай кол салуулардын кайталанбашы үчүн Түркиянын туруктуу тынчтыктын түзүлүүсүн колдоосун уланта турганы белгиленди.
Тышкы иштер министрлиги ИШИМ/ДЕАШ террор уюму барымтада кармаган япон атуулдарынан бирин өлтүргөнү боюнча көңүл айтуу жарыялап, «Бул варварча террор окуяларын катуу айыптайбыз»-деген сөздөргө орун берилди.
Япония өкмөтүнө жана дос япон калкына көңүл айтылган билдирүүдө, террор менен күрөшүүдөгү эл аралык колдошуунун ичинде болуунун улантылуусу керектиги баса белгиленди.