Эрдоган жана Давутоглунан Сомалидеги кол салуу тууралуу маалымат

Эрдоган террордук кыймылдарды аткаргандар кайсы динден болсо болсун террорист, канкор жана варвар экенин белгиледи.

195639
Эрдоган жана Давутоглунан Сомалидеги кол салуу тууралуу маалымат

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Эфиопиада Аддис Абаба университетинде сүйлөгөн сөзүндө Сомалидеги бомбалуу кол салууга орун берди. Президент Эрдоган : «Ислам үчүн жасап жатабыз деп жаткан болушса исламда мындай нерсе жок. Бир мусулман жанын кыйбайт. Эч ким ислам менен террорго бирдей карабайт»,- деди.
Террордун бардык түрүнө каршы экендерин баса белгилеген Эрдоган террордук кыймылдарды аткаргандар кайсы динден болсо болсун террорист, канкор жана варвар экенин белгиледи.
Дүйнөлүк экономикалык форумунун жыйыны үчүн Швейцариянын Давос кыштагына барган премьер – министр Ахмет Давутоглу да террорго каршы бардык чаралардын көрүлгөнүн айтты. Президент Р. Т. Эрдогандын Сомали сапарын токтотпогонун айткан Давутоглу : «Түркиянын мындай абалдардагы чечкиндүүлүгү өзгөрбөйт. Африка биз алдыңкылык берген саясаттарыбыздын арасында» ,- деди. Вице – премьер Ялчын Акдоган да кол салууга : «Эч ким мындай кыймылдар менен Түркиянын саясатына багыт бере албайт»,- деп каршы чыкты. Кечээ Сомалинин борбор шаары Могадишуда түрк делегациясы да коноктогон бир мейманкананын алдында бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган жан кечтилик кол салуусунда 3 полиция каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар