Премьер – министр Давутоглу Дэвид Кэмерон менен жолугушту

Кэмерон Орусия – Украина кризиси башта болуу менен бир топ темада Түркия менен бир тарапта экендерин айтты

192698
Премьер – министр Давутоглу Дэвид Кэмерон менен жолугушту

Премьер – министр Давутоглу Лондондо Англиянын премьер – министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту. Давутоглу жолугушуунун басма сөзгө ачык отурумунда эки өлкөнүн ортосундагы тектүү карым – катнаштардын терроризм менен күрөшүү тууралуу да улантыларын баса белгиледи. Кэмерон да Орусия – Украина кризиси башта болуу менен бир топ темада Түркия менен бир тарапта экендерин айтты. Давутоглу - Кэмерон сүйлөшүүсүнүн басма сөзгө жабык өткөрүлгөн бөлүгүндө Европада күч алган исламофобия жана чет элдиктерге каршылык сыяктуу темалар каралды. Андан кийин Голдман Сачта инвестиция фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушкан Давутоглу 7 триллион доллар көлөмгө жеткен мекемелерди Түркияга инвестиция жасоого чакырды. Давутоглу акыркы болуп Лондондо жашаган түрк коомунун өкүлдөрү менен жолугушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар