Эрдоган-Абэ сүйлөшүүсү

Эки лидер ар түрдүү темаларда пикир алмашышты.

192617
Эрдоган-Абэ сүйлөшүүсү

Прензидент Режеп Таййип Эрдоган Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Лидерлер Сирияда уурдалган эки япон жараны туурасында маалымат алмашышты.Эки тараптуу карым-катнаштар жана эл аралык темаларда пикир алмашкан сүйлөшүүдө, Сирияда эки япон жаранынын террор уюму ДЕАШ тарабынан уурдалып кетиши күн тартипке келди.Эки лидер бул темада чалгындоо жана маалымат бөлүшүүгө маани бергендерин баса белгилешти.
Анда аймактагы баш аламандыктан түрк жарандарынын зыян тартканына да токтолушту.
Президент Эрдоган Япониянын досу катары Түркиянын бул темага сезимтал мамиле кылганына, ар түрдүү маалымат алмашууга даяр болгонуна көңүл бурду.
Сүйлөшүүдө Түркия кезектешкен төрага болгон Чоң жыйырмалык менен катар Синоп атомдук энергия станциясы да каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар