45 - Давос жылдык жыйындары эртең башталат

Давос жыйындарына 40тан ашуун мамлекет башчысы жана премьер – министр катышат

191645
45 -  Давос жылдык жыйындары эртең башталат

Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлгөн жана дүйнөдөгү көптөгөн маселе карала турган Дүйнөлүк Экономикалык Форумунун 45 - Давос жылдык жыйындары эртең башталат.
Дүйнөлүк экономикалык форумунан берилген маалыматка караганда 21 – 24 - январь күндөрү өткөрүлө турган 45 - Давос жыйындарына 40тан ашуун мамлекет башчысы жана премьер – министр катышат.
Жыйынга Түркиянын атынан Ахмет Давутоглу катышат. «Жаңы глобалдык шарттар» деген темадагы Давос жыйынында Жакынкы Чыгышта жана Украинадагы кагылышуулар менен кризис чөйрөсү да каралат.
Чоң жыйырмалардын кезектешкен башкаруучусу сыпаты менен жыйындарга катыша турган Давутоглу 21 - январда Дүйнөлүк экономикалык форумдун куруучусу жана төрагасы Клаус Шваб да «Түркиянын чоң жыйырмалар көз карашы» деген отурумунда негизги сөз сүйлөөчү болот. Давос жыйындарына саясат жана иш дүйнөсүнүн лидерлери менен бирге академиктер, өнөрпоздор жана жарандык коомдордун өкүлдөрү да катышат. 100 өлкөдөн 2 миң 500дөн ашуун киши катыша турган отурумдар 24 - январь ишемби күнгө чейин созулат. Премьер – министр Давутоглу 21 – 23 - январдагы Давос зыяратынын негизинде кээ бир мамлекет жана өкмөт башчылары менен эл аралык иш чөйрөлөрү да жолугушууларды өткөрөт.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар