Өмер Челик туризм секторунун өкүлдөрү менен жолугушту

Орусия Түркияга көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында

187682
Өмер Челик туризм секторунун өкүлдөрү менен жолугушту

Маданият жана туризм министри Өмер Челик туризм секторунун өкүлдөрү менен Стамбулда жолугушту. Орусиядагы кризиске көңүлдөрдү бурган Өмер Челик : «Бир топ санкциялар бар. Бул санкциялардын натыйжасында биздин көрүүбүз керек болгон чаралар бар»,- деди.
Орусия Түркияга көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында. Бирок акыркы күндөрдө экономикалык кризис болууда. Бул абал да туризм секторун тынчсыздантууда.
Стамбулда сектордун өкүлдөрү менен жолугушкан маданият жана туризм министри Өмер Челиктин күн тартибинде да бул тема орун алды. Челик : «Билгениңиздердей Орусияга жасалган бир топ санкциялар бар. Бул санкциялардын натыйжасында биздин көрүүбүз керек болгон чаралар бар. Даярдыктар көрүлүүдө. Минисрликтен жогорку деңгээлдеги делегация жана туризм секторунун өкүлдөрү жакында Орусияга барат»,- деди. Өмер Челик Германия жана Англияга да барыларын, Түркиянын туура түшүндүрүлүүсү үчүн таанытуу стратегиясы тууралуу баа берүүнүн жасаларын да сөздөрүнө кошту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар