Түрк тышкы саясаты

Давутоглу Германияда түрк тышкы саясатын түшүндүрдү

183080
Түрк тышкы саясаты


Давутоглу: «Хамас террордук уюм эмес, эч кандай террордук кыймыл жасаган жок»,- деди.
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Германияда ой-пикир мекемеси Көрбер фондунда түрк тышкы саясатын түшүндүрдү.
Палестина маселесине токтолгон Давутоглу маселе чечилбеген учурда Жакынкы Чыгышта тынчтык орнобой турганын белгилеп: «Израиль мамлекети Батыш Шериа, Чыгыш Иерусалим, Газадан чыкса Палестина өз саясатын тынчтыкчыл түрдө улантат»,-деди.
Украина маселесине да токтолгон Давутоглу Украинанын жеринин бүтүндүгүнө колдоо көрсөткөндөрүн, Крым татарларынын ырааттуулугу болсо өздөрү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Сирия маселеси темасында качкындарга бир гана каалгабызды эмес жүрөгүбүздү ачтык деген Давутоглу маселенин чечилүүсүндө эл аралык коомчулукка чоң милдет түшүүдө»,-деди.
Сирия коалициясынын Германиядагы өкүлү болсо Түркиянын Сирияга карай ачык каалга саясатынан улам премьер-министр Давутоглуна ырахмат айтты.
Бир тараптан Давутоглу Түркиядагы басма сөз эркиндиги тууралуу суроо сураган журналистти Түркияга чакырып: «Түрк гезиттерин оку»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар