Эрдоган Боко Харамдын кол салуусун айыптады
Президент Эрдоган Нигерияда жасалган кол салууну айыптады
Президент Эрдоган Нигериянын түндүк чыгышындагы Бага шаарчасында жасалган террордук кол салууну айыпташкандарын маалымдады.
Президент Эрдоган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө террордун бардык түрүнө каршы болгон Түркиянын бир боордош өлкө Нигериянын кыйынчылыгын бөлүшкөнүн белгиледи. Эрдоган күнөөсүз кишилерди өлтүргөн террордук кол салуунун кандайдыр бир дин же цивилизация менен байланыштырыла албагандай эле кандай негиз менен болсо болсун эч кабыл алынбай турганын баса белгиледи.
Тышкы иштер министрлиги да Нигериядагы террордук кол салууну катуу айыптаганын билдирди. Министрликтен жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта : «Дос жана боордош Нигерия калкынын кыйынчылыгын бөлүшүп, Нигерия өкмөтү менен күчтүү тилектештик ичинде экенибизди дагы бир жолу билдиребиз»,- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.