Бурса жана Бергама үчүн ЮНЕСКОнун сертификаты берилди

Сертификат Ирина Бокова тарабынан Өмер Челикке берилди

175087
Бурса жана Бергама үчүн ЮНЕСКОнун сертификаты берилди

Бурса жана Бергаманын дүйнөлүк мурас тизмесине кабыл алынышын билдирген сертификат ЮНЕСКОнун генералдык директору Ирина Бокова тарабынан маданият жана туризм министри Өмер Челикке берилди.
Анадолу цивилизациялары музейинде өткөн аземде сөз сүйлөгөн ЮНЕСКОнун генералдык директору Ирина Бокова ЮНЕСКО катары тарыхый мурастарга маани беришкендерине көңүлдөрдү бурду. Сирия жана Ирактагы тарыхый чыгармалардын жоголушуна уруксат беришпей тургандарын айтты. Маданият жана туризм министри Өмер Челик да Бурса жана Бергаманын дүйнөлүк мурасына кабыл алынышынан улам ыраазы экендерин билдирди. Челик Сириядагы тарыхый чыгармалардын жолуп кетпеши жана сакталуусу үчүн билим берүү семинарларын өткөрүшкөндөрүн айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар